Искать:

Биз 5 жылдан бери Бишкек шаарында пеноблок чыгарып келебиз. Бул жылдар аралыгында сапат жана ошол сапатка ыраазы болгон элдин ою өзгөргөн жок. Миңдеген үй-було үйүн куруп, ошол үйдө кышты өткөрүп, ыраазычылыгын гана айтып келишет. Биздин сапат төмөнкү нерселерден көз каранды:

1. Биздин ишкана бактериалдык пенообразователь колдонот. Бул атайын суюктук, синтетикалык пенообразователден эки эсе кымбат, бирок сапаты эки эсе жакшы. Тактап айтканда, бактериалдык пенанын көбүктөрү кичинекей болуп, катуулукту, бышыктыкты камсыздап, канчалык бийиктиктен куласа да сынбайт.

2. Жуулган, топурак аралашпаган кумду гана пайдаланабыз. Мындай кумдун баасы жөнөкөй кумга караганда бир жарым эсе кымбат. Бирок бул кум менен куюлган пеноблок эки эсе бышык болот. Себеби жуулган кумда цементтин күчү жоголуп кетпейт сакталып, кум экөө эң жогорку деңгээлде реакцияга кирип, сапаты мыкты болот.

3. Пеноблок куюлган соң жүндөн жасалган жууркан менен жабабыз. Бул ыкма, калыпка куюлган аралашманын реакциясы пайда кылган жылуулукту беш суткага чейин кармап берип, пеноблоктордун сынбай, өз формасын жоготпой, идеалдуу абалда чыгышына өбөлгө түзөт. Натыйжада жылдын кайсыл мезгили болбосун, биздин ишкана пеноблок өндүрүүнү үзгүлтүккө учуратпай, кардарлардын талабына жогорку деңгээлде канааттандырып бере алат.

4. Ишканабызда курулуш ишин жүргүзүүдө өтө кеңири колдонулган төрт размер жетиштүү көлөмдө өндүрүлөт:
А) 300/200/500
Б) 250/200/500
В) 150/300/500
Г) 100/300/500
Жогорудагылардын А) жана Б) бөлүктөрү үйдүн сырткы дубалын көтөрүүдө колдонулса, В) жана Г) бөлүктөрү үйдүн ички бөлмөлөрүн бөлүүдө колдонулат.

5) Ишкана шаардын түндүк бөлүгүндө, Баят базарынын ичинде жайгашкан. Өзгөчө региондорго алып кетүүдө абдан ыңгайлуу, дээрлик объезд аталган жерде жайгашып, жаныбызда аймактарга каттай турган оор жүк ташуучу унаалардын токтотмолору (Питак/Стоянка) орун алган. Гугл картадан «Пеноблок Баят», «Пеноблок Бишкек», же жөн гана «Пеноблок» деп издесениздер геоданныйларыбыз чыгат.

Бизге жетүү үчүн Ош базарынан 218 маршруттук таксисине, 18, 21-автобуска, Аламүдүн базарынан 175- маршруттук таксисине отурунуздар.

Кененирээк байланыш үчүн:
0705511373,
0702767989
0501104055 номурларына чалыңыздар.