Эмне үчүн пеноблок менен үй салуу пайдалуу!

Аталган курулуш материалынын көп жакшы жактары бар. Аларды кыскача чечмелей турган болсок:

1. Ылдамдык — пеноблок менен үй абдан бат тургузулат. Мисалы 200/300/500 өлчөмүндөгү пеноблок, бир жарым катардан койгондогу 25 бышкан кирпичтен ордун ээлейт. 10*10 метрлик үйдүн дубалын бир жумада эле тургузуп койсо болот.

2. Үнөмдүүлүк — Пеноблок менен үй тургузсаныз анын ичин дагы, сыртын дагы шыбабайсыз. Ичине дароо ротбанд, тартып андан аркы жасалгалоо иштерин жүргүзүп кете берсе болот. Ал эми сыртына эч кандай кошумча жылуулагыч каражаттарды (пеноплекс, базальт) чаптабастан дароо клей тартып, декор чачып койсоңуз болот. Ошондо сиз шыбакка, жылуулагыч каражаттарга кеткен каражатыңызды үнөмдөп кала аласыз.

3. Жылуулук жана салкындык — пеноблоктун ячейкалык стурктурасы аны менен тургузулган үйдүн кышкысын жылуу, ал эми жайкысын салкын болушун камсыздайт. Тактап айтканда, ячейкалык структура, термостаттык милдет аткарып, жылуу жана муздак абалардын ичке жана сыртка агуусуна тоскоол болот. Кышкысын жылытуучу энергетикага кыйла эконом болсо, жайкысын үйдү салкындатуучу атайын каражаттарга дээрлик муктаждык жаралбайт.

4. Жеңилдик — пеноблок, полистиролблок менен газаблокко салыштырмалуу кыйла жеңил келет. 20 сантиметрлик ичке дубал менен ойдогудай үйдү тургузуп койсо болот. Мындай касиет үйдүн фундаментин күч келтирбей, анын чөгүп, деформация болушуна жол бербейт.