Пенобетон куюлмаларынын артыкчылыктары:

Жылуулуктун кармалышы:

Аталган заттын ячейка түрүндөгү түзүлүшү жылуу жана муздак абалардын ичти көздөй жана сыртка карай агышына тоскоол болот. Натыйжада үйдүн ичиндеги жылуулук жакшы кармалып, сырттан муздак аба оңойлук менен кирбейт. Кадимки кирпич менен салыштыра келгенде, пеноблок менен тургузулган дубал канчалык ичке болсо деле жылуулукту кармап бере алат. Пеноблок «дем алган» жагынан жыгачтай эле касиетке ээ. Айырмасы жыгач табийгый, ал эми пеноблок маданий түрдө колдо жасалат.

 

Коопсуздук, экологиялык жактан таза жана өрткө туруктуулугу:

Пеноблок күйбөй турган кошулмалардан даярдалгандыктан, убакыттын өтүшү жана күндүн нуру тике тийген күндө да абага зыяндуу заттарды эч качан бөлүп чыгарбайт. Натыйжада өрт, жалын менен түзмө түз байланышта болсо да эрип, күйүп, жарылып кетпейт. Ушундан улам азыркы учурда өзгөчө сауна, мончо, спа борборлордун курулушунда пеноблок бирден бир материал болуп эсептелет.

 

Үндүн изоляциясы:

Пеноблоктун ячейкалык стурктурасы үндөрдү өзүнө сиңирип алып, анын андан ары таралуусура жол бербейт. Темир-бетон жана кирпич менен тургузулган дубалдарда мындай артыкчылык болбойт. Негизинен кошумча үн изоляциялоочу каражаттарды колдонуу зарылчылыгы жаралбайт.

 

Жарамдуулук мөөнөтү (срок эксплуатации)

Пеноблок жаңы курулуш материалы болуп эсептелгендиктен, жарамдуулук мөөнөтү тууралуу жетишерлик тажрыйбага ээ боло элек. Ошондой болсо да, инженериялык өзгөчөлүктөрүн эске алганда, бардык талап, шарттарын так сактап курулуш ишин жүргүзгөндө 100 жылга чейин кошумча ремонтту талап кылбай тура алат деп айтылат.

 

Ийкемдүү түзүлүшүкө ээ

Пеноблоктун курамындагы компоненттер бири бири менен абдан жакшы, иреттүү аралашып куюлгандыктан курулуш иштерин жүргүзүүдө абдан ийкемдүү келет. Жыгач араа менен араалап, каалаган формада жеңил гана кечип алса болот. Темир-бетон, кирпич жана башка курулуш каражаттарында мындай өзгөчөлүк жок

Пеноблоктун дагы бир артыкчылыгы — нымды өткөрбөстүгү. Мындай касиет үйдүн дубалын тердетпейт, көгөртпөйт.